Ноокат: Бир жыл мурда өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылды

Ошто ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шектелип кармалып, эки айга камакка алынган 9 кишинин бири жана дагы бир шектүү  өткөн жылы адам өлтүргөнү аныкталды. Бул тууралуу 20-ноябрда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын август айында 33 жана 43 жаштагы шектүүлөр Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну менен шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан жолугуп, сүйлөшүп келүү үчүн унаасына отургузушкан. 

Аны Ноокат районунун Арал айылындагы талаага алып барышып, муунтуп өлтүрүшүп, электр мамычасынын жанына көмүп коюшкан.

43 жаштагы шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде, 18-ноябрда текшерүү иши жүргүзүлүп, маркумдун сөөгү табылып, казылып алынган.

«Шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, маркум менен шектүү бир кылмыштуу топто болгон. Кийин ал өз алдынча кылмыштуу топтон чыгып кеткени жана кылмыштуу топ тууралуу маанилүү маалыматтарды билгени үчүн аны жазалашкан», — деп билдиришти милициядан.

Бул факт боюнча тийиштүү материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынып, 18-ноябрда «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

43 жаштагы шектүү буга чейин «Террордук акт» беренесинин негизинде камакка алынган. Ал эми анын 33 жаштагы шериги 17-майда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөтүп, атайын операциянын жүрүшүндө ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлери тарабынан жок кылынган.

Учурда, тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуянын толук жагдайын жана башка катышуучуларын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Ири куралдуу каракчылыкка шектелген 9 киши эки айга камакка алынды

Ош: 11 киши ири куралдуу каракчылыкка жана терроризмге шектелип кармалды