Шайлоого катышпоо үчүн айып салуу каралган мыйзам долбоору комитеттин биринчи окуусунан өттү

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети 21-ноябрда шайлоого катышпоо үчүн 5 миң сом өлчөмүндө айып салуу каралган мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунда 18 жашка толгон ар бир кыргызстандык президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосуна катышышы керектиги көрсөтүлгөн. Мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Тазабек Икрамовдун айтымында, мыйзамдын күчү «жүйөөлүү себепбери» бар адамдарга гана жайылтылбайт.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Жамиля Исаева документтин текстине аталган жүйөөлүү себептердин аныктамасын кошуп коюу керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Жанарбек Акаев жаштар шайлоого катышпаганын айтып, кесиптешинин мыйзам долбоорун колдоого алды.

Мурдараак Министрлер кабинети Икрамовдун демилгесине каршы чыккан. Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова депутаттын мыйзам долбоору өлкөнүн Конституциясына жана эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келерин айткан.

Анын айтымында, шайлоого катышуу же катышпоо ар бир кыргызстандыктын өз эрки, ал үчүн айып салуу мыйзамсыз. Акыйкатчы институту жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү дагы ушундай эле пикирди айтышкан.

Анткен менен мурдараак Икрамовдун мыйзам долбоору парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кароосунан өтпөй калган болчу.