Кара-Көл: Шеригине ок атып качып кеткен жоокер кармалды

Колго түшкөн шектүү. Сүрөт: ИИМ

Токтогул ГЭСин кайтарууда кызмат өтөп жатып, пикир келишпестиктен улам уруша кетип, колундагы ок атуучу курал менен шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды. Бул тууралуу 21-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, качып кеткен шектүү 21-ноябрда, 16:00 чамасында Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак-жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан жеринен кармалды.  

Учурда кармалган жоокер Аскер прокуратурасына өткөрүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Буга чейин, 20-ноябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ИИМдин Ички аскерлер бөлүмүнүн 20 жаштагы жоокери октон каза болгону айтылган.

Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып, окуя 20-ноябрда саат 6:00 чамасында жоокерлер Токтогул ГЭС каскадынын автобазасына жакын жерде кароолдо турганда болгонун жазып чыккан болчу.

Анда 21 жаштагы жоокер өзү менен чогуу турган 20 жаштагы кенже сержантка ок чыгарып, окуя болгон жерден куралды алып качып кеткени айтылган. 

 ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Көл: Кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер октон каза тапты

Президент Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берди