Кара-Көл: Кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер октон каза тапты

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ИИМдин Ички аскерлер бөлүмүнүн 20 жаштагы жоокери октон каза болду. Кабарды 20-ноябрда аталган кызматтан тастыктап, кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.

Ал эми Turmush басылмасы өздүк булактарына таянып, окуя бүгүн, 20-ноябрда саат 6:00 чамасында жоокерлер Токтогул ГЭС каскадынын автобазасына жакын жерде кароолдо турганда болгонун жазып чыкты.

Анда 21 жаштагы жоокер өзү менен чогуу турган 20 жаштагы кенже сержантка ок чыгарып, окуя болгон жерден куралды алып качып кеткени айтылат.

Басылманын маалыматына ылайык, учурда жоокерди кармоо иштери жүрүүдө. Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларында унаалар токтотулуп, текшерилүүдө.

Буга чейин, 8-ноябрда Баткенде келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн 27 жаштагы чек арачы оор жаракатынан улам көз жумган. Ал атайын спорттук машыгуу учурунда баш сөөгүнөн оор жаракат алганы айтылган.

Ал эми жылдын башында Баткенде 21 жаштагы чек арачы аскер кызматташы атып алган октон каза тапкан. Окуя автоматты этиятсыздык менен пайдалануудан улам болгону маалымдалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берди