Шайыр Сагынбаева «Би-Би-Синин» 2023-жылдагы дүйнөнүн эң таасирдүү 100 айымынын тизмесине кирди

Кыргызстандык Шайыр Сагынбаева «Би-Би-Синин» версиясы боюнча 2023-жылдагы дүйнөнүн эң таасирдүү жана шыктандырган 100 айымынын тизмесине кирди. Бул тууралуу басылманын сайтында айтылат

Шайыр Сагынбаева — «Өмүр үчүн бирге» деген тигүү цехинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Алар улуттук оюм-чийимдер түшүрүлгөн баштыктарды тигип сатат. Сатыктан түшкөнүн кирешенин баары ракка каршы дарыланып жаткандарды колдоо жана дарылатууга жумшалат.

Тигүү цехи каржылык колдоого муктаж болуп турган 34 аялдын медициналык чыгымдарына 33 миң доллардан ашык каражат чогулткан. 

«Сагынбаева ошондой эле дарылоо борборунан алыс жашаган бейтаптарды колдоо зарыл экенин түшүнүп, ооруканага жакын жерде бейтаптар жата турган коммерциялык эмес хостел ачкан», — деп жазат «Би-Би-си».

Сагынбаева өзү убагында төртүнчү даражадагы рак илдетин жеңүү үчүн каражат издеп, дарты менен төрт жыл күрөшкөн. Аял илдетти жеңип, өзүнө башкаларга тирек болом деп сөз берген: «Дарыланууга акчанын жогунан адамдар көз жумушун каалабайм» — деген ал.

Ошондой эле дүйнөнүн эң таасирдүү жана шыктандырган 100 айымынын тизмесине адам укуктары боюнча адвокат Амаль Клуни, Голливуд жылдызы Америка Феррера, феминисттердин символу болгон Глория Стайнем, АКШнын мурдагы биринчи айымы Мишель Обама, сулуулук бизнесинин ээси Худа Каттан жана «Алтын топту» жеңип алган футболчу Айтана Бонмати кирген.