УКМК: Жалал-Абад шаарында криминалдык кагылышууларды уюштурган эки шектүү кармалды

Жалал-Абад шаарында жергиликтүү криминалдык кагылышууларды уюштурган, мурда бир нече жолу ар кандай кылмыштар боюнча жоопко тартылган кылмыштуу топтун эки лидери кармалды. Бул тууралуу 22-ноябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүшүп, Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун «смотрящийи» деп аташкан. Алардын ишмердүүлүгүндө белгилүү бир уюшкан кылмыштуу топтун белгилери байкалып, алардын катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып турган.

Бул боюнча «Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр 17-ноябрь күнү кармалды. Алардын унааларын жана жашаган жерин тинтүү учурунда ок атуучу куралдар, ок-дарылар, бет каптар жана РПГ-5 гранатасы табылып алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Буга чейин Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде 32 жаштагы кишини атып өлтүрүүгө шектелип өздөрүн криминалдык төбөл деп эсептеген Кызыл-Кыя шаарынын төрт тургуну, Ноокат районунун 21 жаштагы жана Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми издөөдө жүргөн шектүү жана анын шериги кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Тажикстандын аймагында жүргөн жеринен кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Дүкөндө кишини атып өлтүрүүгө шектелген киши Тажикстанда кармалды