ЖК спикери өлкөдө аялдарга күндүзү да көчөдө жүргөн кооптуу болуп калганын моюнга алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда аялдарга жада калса күндүз көчөдө жүргөнгө кооптуу болуп калганын моюнга алды. Бул тууралуу Шакиев парламенттин 22-ноябрдагы жыйынында айтты

Ошондой эле эл өкүлү милиция өз ишин аткарууну улантып атканын кошумчалап, бийлик бардык тийиштүү чараларды көрүшү керектигин белгиледи. 

«Акыркы убакыттарда коомубузда аялзатына зордук-зомбулук жана башка буга байланыштуу бир топ маселелер болуп жатат. Коомдо тынчсыздануу абдан көп. Мен кечээ ички иштер министри Улан Ниязбековго дагы айттым. Ушул терс көрүнүштөрдү жоюу максатында биз чоң зарыл иш чараларды алып барышыбыз керек. Баардык коомдук жайларга видео көзөмөлдөрдү орнотууну күчөтүшүбүз керек. Себеп дегенде биздин кыз-келиндерге түнкүсүн эмес, күндүзү да [көчөдө] жүрүш коркунучтуу болуп жатат. Албетте, бул жаатта милиция иштеп жатат», — деди ал. 

Муну менен катар Шакиев таштанды челектерге ыргытылган ымыркайлардын окуясын да эскерди. Бул айда мындай үч окуя катталган. Төраганын айтымында, ымыркайлардын энелери табылган. Шакиев укук коргоо органдары тийиштүү деңгээлде иш алып барбаса, бул сыяктуу окуялар коомго чоң коркунуч туудурарын белгиледи. 

Буга чейин  Кыргызстан Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Жарыяланган рейтингге ылайык, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунга чыгып калган.

Индекстин көрсөткүчүнө ылайык, Кыргызстанда парламенттеги аялдардын үлүшү 20%дан ашкан эмес. Ал эми 13% аялдар өнөктөшү тарабынан зордук-зомбулукка туш болору жазылган.