Баткенде 52 ишкер бир миллион сомго чейинки кайтарымсыз грант алды

Баткен облусунда 52 тургун бизнес-идеяларын ишке ашыруу үчүн бир миллион сомго чейинки кайтарымсыз гранттарды алышты. Бул тууралуу «Клоопко» 22-ноябрда Баткен облустук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы «Жаңырейшн аймак» демилгесинин алкагында пандемиянын  кесепеттерин азайтуу боюнча иш-аракеттердин уландысы катары уюштурулду. Анын башкы максаты — жергиликтүү калктын ишкердигин колдоо болуп саналат.

Долбоор үстүбүздөгү жылдын башында башталып, жалпысынан 2 миңден ашык арыз түшкөн. 

«Аялдарга, чет өлкөлөрдөн кайтып келген мигранттарга жана жаштарга өзгөчө көңүл бурулду. Грант алуучулардын басымдуу бөлүгү —  билим берүү, туризмди өнүктүрүү, эмерек, тигүү, ширетүү, кондитердик цехтерин, техникалык тейлөө станцияларын ачуу, айыл чарба кызматтарын көрсөтүү жана дыйканчылыкты өнүктүрүү жаатында эмгектенишүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Аны менен катар, колдоого алынган ишмердиктердин арасында — таштандыларды кайра иштетүү, Каравшин капчыгайында альпинисттер үчүн глэмпинг аянтчасын куруу, заманбап китепкана жана жаштар үчүн эс алуу зонасын түзүү сыяктуу бизнес-идеялар да каралганын кошумчалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абаддагы жаңгак токою БУУнун долбоорунун алкагында калыбына келтирилет