Бишкек — Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 23-ноябрь таңкы саат 05:30дан тартып Жайыл районундагы «Сосновка», ошондой эле Токтогул районундагы «Арал» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилгенин кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чектөө Бишкек— Ош унаа жолунда кар жаап жатканына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында киргизилди. 

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул тапта жолдор тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканын белгилешти

Аны менен катар, чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар  жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратып жатканын эскертишти. 

«Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат», — деп жазды мекеменин басма сөз кызматы.