Ташиев: Женго криминалдык ишин улантып жатат. Аны токтотконго болгон күчүмдү жумшайм 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Женго каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов «мыйзамдагы ууру түшүнүгүнөн» баш тартканына карабастан, криминал менен алектенгенин улантып жатканын билдирди. Бул тууралуу Ташиев Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында айтты

«Ал баарынын көзүнчө мыйзамдагы ууру түшүнүгүнөн кайттым деген эле. Бирок жок, ал баш тарткан жок. Ал экранга айтып коюп, [криминалдык] иштерин улантып жатат. [Криминалдык ишин] улантпагандай кылам. Ал мындан ары эч качан УКТнын лидери болбогондой кылам. Бул ар бирине тиешелүү. Мен биздин өлкөдө УКТ болбойт, эч ким эчкимге “жүк артпайт” деп убада бергем. Ишкерлер тынч жашап, тынч иштешет. Болгону мыйзамды сактап, салыктарын төлөшсүн, болду, болгону ошол», — деп билдирди Ташиев. 

Ошондой эле ал Женго ТИЗОдо отуруп, дагы деле кылмышкерлерди башкарып, ишкерлерди «алым» төлөтүп жатканын кошумчалады. 

УКМКнын башчысы УКТ менен күрөштү башташ үчүн эки жыл даярдык көргөнүн да белгиледи.

«Райым Матраимов да, Камчы Көлбаев да, Женго да — эч кимиси эми эч кимди башкарбайт. Баарын эми өлкөбүздүн мыйзамы башкарат — бул президентибиздин биздин албызыга койгон башкы максат», — деп кошумчалады Ташиев.

Кримтөбөл Женго «уурулук түшүнүктөрүнөн» 2023-жылдын октябрында, тагыраагы, УКМК кримтөбөл камчы Көлбаевди атайын операция учурунда жок кылгандан кийин баш тартканын билдирген.

«Мыйзамдарды бузганым үчүн мыйзам боюнча жооп берип жаттым. Азыр менин эч кандай криминалдык статусум жок. Биздин Кыргыстанда тынчтык жана бейпилдик өкүм сүрсүн», — деп билдирген анда Женго.

Женгонун өзү 2023-жылдын январында дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип кармалган.