Бишкек: Бакиевдин өлкөгө кайтып келүүсүнө каршы болгондор акцияга чыкты

Бишкекте 2010-жылдагы Апрель революциясында каза болгон жана жарадар болгондордун жакындары бозгун президент Курманбек Бакиевдин өлкөгө кайтып келүүсүнө каршы акция өткөрдү.

Сүрөт: Азаттык

25-ноябрда «Мекен шейиттери» кыймылы, «Айкөл Ала-Тоо» баштаган сегиз коомдун өкүлдөрү жана апрелчилер борбордогу Горький атындагы бакчага чогулуп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

«Өз элин канга боёп, кыргыз мамлекетин тоноп кетип, чет жакта бизнес кылып чардап жаткан Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтуунун айла-амалын издеп жатыптыр. Анын курман болгондорго кун төлөп, жарадарларга акча берип, элден кечирим сурасам деген арам ою ишке ашпайт! Арам акчаны албайбыз!» — деп белгилешти акцияга чыккандар.

Ошондой эле чогулгандар өлкө башчысы «Бакиев келсе камакка алынат» деп айтканын эске салып, сөзүнө турууну талап кылышты.

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын тактан кулатылган экинчи президенти. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качкан, ал жерде башпаанек алып, бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде жашап келет.

Сот Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек. Бирок кыргыз бийлигинин аны өлкөгө экстрадициялоо аракетинен майнап чыга элек.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров: Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок

Беларус иликтөөчүлөр альянсы: Курманбек Бакиев башка ысым менен экинчи паспорт алган