Садыр Жапаров: Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок

Президент Садыр Жапаров эгер тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынарын билдирди. Бул тууралуу ал «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде айтты.

«Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок», — деп белгиледи ал.

Өлкө башчысы Бакиевге каршы козголгон кылмыш иштери бар экенин, ал 30 жылга соттолгонун эске салды.

«Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек», — деп белгиледи Жапаров.

Ошондой эле президент бозгун президенттин бир туугандары жана уулдары — Жаныш, Ахмат, Максим Бакиевдер өлкөгө келсе алар да камакка алынарын, себеби алар издөөдө экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, президент Бакиевдер эгер сот аркылуу акталууну чечсе Кыргызстанга кайта алабы же жокпу деген маселе боюнча да пикири менен бөлүштү.

«Отуз жылдан бери бөлүнүп-жарылып жүрүп, мамлекетти чачыратып жибере жаздадык го. Соттун чечимине жана мыйзамдарга баш ийебиз. Жаныш, Максимдерди соттор актап жиберерине көзүм жетпейт. Анткени алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан», — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын тактан кулатылган экинчи президенти. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып барган, учурда ошол жакта жашайт. Кыргызстанда Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек.

Ар убакта өлкө президенттери Бакиевди жазага тартыш үчүн өлкөгө экстрадиция кылып алып келүүгө аракет кылышкан, бирок андан майнап чыккан эмес.

Тема боюнча окуңуз:

Видео: Качкын президент Бакиев жана анын уулдары кандай шартта жашап жатышат?

Жапаров: Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз