Беларус иликтөөчүлөр альянсы: Курманбек Бакиев башка ысым менен экинчи паспорт алган

Беларус иликтөөчүлөр альянсы Кыргызстандын бозгун президенти Курманбек Бакиев Беларуста башка ысым менен экинчи паспорт алганын аныкташты.

Иликтөөдө Беларустун президенти Александр Лукашенконун буйругу менен Бакиевге 2010-жылдын августунда жарандык жана паспорт берилгени айтылат. Кийин Бакиев «Закир Салиев» деген ысым менен дагы бир паспорт алган.

Журналисттер Бакиевдин жакындары да экиден паспорт алганын айтып, аларга документтер мыйзам бузуу менен берилгенин белгилешти.

Иликтөөчүлөрдүн айтымында, Бакиевдин үч аялы болгондуктан, ал айрым балдарына «Закир Салиев» деген паспорту менен документ алып берген.

Ал эми экиден паспорт алуу Бакиевдерге чет өлкө саякаттоого мүмкүнчүлүк түзүп бергени айтылат. Маалыматка ылайык, Бакиевдер Беларустан 277 жолу чет өлкөлөргө учуп барып келген.

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын тактан кулатылган экинчи президенти. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып барган, учурда ошол жакта жашайт. Кыргызстанда Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган, анын 25 жылын ал күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өткөрүшү керек.

Ар убакта өлкө президенттери Бакиевди жазага тартыш үчүн өлкөгө экстрадиция кылып алып келүүгө аракет кылышкан, бирок андан майнап чыккан эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кумтөр иши: Бакиев 10 жылга соттолуп, мурдагы жазаны жарым-жартылай кошуу менен кайра эле 30 жылга кесилди