Бишкек: Көчөдө 15 жашар кызды зордуктоо аракети болгону кабарланды

24-ноябрда Бишкектеги Жибек Жолу жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөө 15 жашар кызга кол салды. Бул тууралуу өспүрүмдүн эжеси инстаграм барагына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя эртең менен саат 8:40 чамасында окуучу кыз мектепке бара жатканда болгон. Анда белгисиз киши кыздын артынан келип, колун кайрып, бадалдын арасына сүйрөп кирүүгө аракет кылган.

«Сиңдим каршылык көрсөтүп, жардам сурап кыйкырган, бирок эч ким келген эмес. Бадалдын арасына сүйрөп кирип, жерге жыгып, кармалап баштаганда ал жерден кишилер өтүп баратканда зөөкүр качып кеткен. Сиңдим аны тартканга жетишкен, бирок видеонун сапаты начар. Видеодон үрөй учурган окуядан улам сиңдимдин кантип деп алып жатканын угууга болот», — деди кыздын эжеси.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от @marcelinekis

Бишкектин Ленин райондук милициясынан «Клоопко» белгисиз кишинин өздүгүн аныктоо боюнча издөө иштери жүрүп жатканын айтышты.

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Ошондой эле зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор да иштейт. Ал жакка төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212;
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт