Пара алууга шектелип жаткан президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

Ишкерден 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси 2024-жылдын 21-январына чейин камалды. Бул тууралуу «Клоопко» 27-ноябрда облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен райондук соту мындай чечимди 25-ноябрда чыгарды. 

Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси. Сүрөт: УКМК

23-ноябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан пара алып жаткан жеринен кармалган. Шектүүгө «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ал эми 24-ноябрда облус башчысы Абдикарим Алимбаев кеңешчисинин кармалганы тууралуу видео кайрылуу жарыялап, «окуяга тиешеси жок экенин жана кылмышка шектүү мыйзам алдында жооп бериши керектигин» айткан.

Атайын кызмат шектүүнүн аты-жөнүн ачыктаган жок. Бирок анын инициалы 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Мекенчил» партиясынын атынан ат салышып, учурда Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси болуп эмгектенген 37 жаштагы Талантбек Мамытовдун аты-жөнүнө дал келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң доллар пара алууга шектелип кармалды