Токтогул шаарынын мэри уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деген шек менен кармалды

27-ноябрда УКМК кен байлыктарды басып алган жана уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар деген шек менен Токтогул шаарынын мэри Эркин Тойгонбаев кармалганын маалымдады.

Атайын кызматтан мэр менен бирге анын уулу, кен чыгарган компаниянын өкүлү жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылы Тойгонбаев Токтогулдагы кварц кени жайгашкан жердин айыл өкмөт башчысы болуп турганда кендин менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган.

«Ээси баш тарткан соң Тойгонбаев белгисиз адамдар, анын ичинде “Дөө Чынгыз” каймана аттуу Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунун Токтогул шаарындагы “байкоочусу” болом деп өзүн тааныштырган жаран менен бирге ишкерге күч колдонгон. Анын үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуп ишкананын 50% үлүшүн Тойгонбаевдин уулуна каттатып койгон», — деп жазылат билдирүүдө.

Кенден казылган кварц мыйзамсыз сатылып, түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турган.

Билдирүүдө өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузулгандыктан мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени кошумчаланат.

Буга чейин, 15-ноябрда Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармалган.

УКМКдан мэр «жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн такай пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген» деп белгилешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөндүн мэри 9-декабрга чейин камакта калды