Өзгөн шаарынын мэри Көлбаевдин кылмыштуу тобуна тиешеси бар деп шектелип кармалды

Кылмышка шектүү Дамир Моңолдоров. Сүрөт: УКМК

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоров маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 15-ноябрда УКМКдан билдиришти.

Ошондой эле Моңолдоров «Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу» беренесинин негизинде дагы айыпталып жатат.

Атайын кызматтан Өзгөн шаарынын мэри «жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген» деп белгилешти.

«Тактап айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү күч колдонуу коркунучу астында жарандык активисттен Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана массалык маалымат каражаттарында чагылдырбоону талап кылып, антпесе ден соолукка олуттуу зыян келтиребиз деп коркутушканы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Жогоруда айтылган кылмышка шектүүлөр кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагына камакка алынды. Учурда кылмышка катыштыгы барларды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Моңолдоров Өзгөн шаар башчылыгына өткөн жылы 16-майда дайындалган. Ал 2016-жылдан 2020-жылга чейин Ысык-Көл облустук администрациясында облус башчынын биринчи орун басары болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү опузалоого шектелип кармалды

УКМК Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройду УКТны каржылоого шектеп издөө жарыялады