Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү кичи ишкана ачылды

28-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда таштандыны кайра иштетүүчү кичи ишканананын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу «Клоопко» облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын курулушу облустук өнүктүрүү фондунан каржыланып, жалпы 18 млн 540 миң сом акча каражат бөлүнгөн. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 6,5 млн сом жана 8 гектар жер аянты ажыратылган. 

Ишкананын ачылыш иш-чарасында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев таштандыны кайра иштетүүчү завод облус аймагында алгачкылардан болуп ишке берилгенин белгиледи. Сыргабаев долбоор «учурдагы орчундуу көйгөйлөрдүн бири болгон таштандыдан арылуу, андан пайдалуу заттарды өндүрүүдөгү артыкчылыктуу аракет экенин» кошумчалады. 

Кичи заводго Ала-Бука жана жакынкы коңшулаш айылдардын, ошондой эле эки тоо кен компаниянын таштандылары чогултулуп, кайра иштетилет. Анда жер семирткич, мазут жана газ өндүрүү пландалып, техникалык база түзүлгөн. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Жети-Өгүздө таштандыны кайра иштетүүчү цех ишке кирди

Бишкектин мэри таштандыны кайра иштетүүчү завод 2023-жылы курулат деп убадалады

Tazar study: Кыргызстанда таштандыны кайра иштетүү кирешелүү бизнеске айланды