«Зомбулукту алдын алуу». Шектүүлөрдү көзөмөлдөгөн электрондук билериктер сыноодон өтүүдө

Юстиция министрлиги кылмышка шектелгендерге, пробациялык көзөмөлгө алынгандарга байкоо жүргүзгөн электрондук билериктерди сыноодон өткөрүп жатат. Билериктер үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алууда натыйжалуу экени айтылат.

Маалыматка ылайык, электрондук билериктин жардамы менен шектүүлөрдүн кайда жүргөнүн жана зомбулукка кабылган жабырлануучуларга канчалык жакын экенин байкаса болот.

Министрлер кабинети «Кылмышты тергөө процессине электрондук билериктерди киргизүү» жөнүндө мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна киргизди.

«Мыйзам кабыл алынса, кылмышты тергөө жана сот өндүрүшүндөгү бир катар көрүнүштү санариптештирүү жана ортималдаштырууда шарттар түзүлөт, тагыраагы, коркутуу, зордук-зомбулукка байланышпаган анча оор эмес кылмышка шектелип камакка алынгандар азаят», — дешти министрликтен. 

Ошондой эле учурдагы мыйзамга ылайык, электрондук билериктерди мурда соттолгон адамдарга да колдонсо болору белгиленди.

Шектүүлөрдүн жүргөн жерин жана алардын кыймыл аракетин көзөмөлдөө үчүн электрондук билериктерди киргизүү үстүбуздөгү жылдын 4-майда сунушталган. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров бул системаны ишке киргизүүдо башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп чыгууну тапшырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Үй-бүлөлүк зомбулук: Шектүүлөрдү күзөтүү үчүн электрондук билериктерди киргизүү сунушталды

ИИМ үй камагындагыларга электрондук байкоочу билерик салууну сунуштады