Интим кызматын көрсөткөн жайларга рейд. Экс-аким кармалып, ишеним телефондору уюштурулду

Өлкөдө «интим кызматын» көрсөткөн жайларга рейддер жүрүп жатат.

1-декабрда УКМК мурдагы аким жана «Ак Суу» базарынын ээси Б.К.А кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ишкер уюшулган топтун курамында кылмыштуу ишке тартылган, «тактап айтканда сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берип, ошондой эле аталган мекеме тарабынан көрсөтүлгөн интимдик кызмат көрсөтүүлөрдү бир нече жолу [өзү дагы] колдонгон».

Кармалган мурдагы аким. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Аталган факт боюнча «Сойкулукка тартуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. «Ак Суу» базарынын ээси УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. 

Мындан тышкары, Чүй ОИИБи да «интимдик кызмат» көрсөткөн жай аныкталганын билдирди. «Укук тартиби» деп аталган рейд учурунда Сокулук айылында кыздар акчага секс-кызматын көрсөткөн «Ордо» мейманканасы табылган.

Аталган факт боюнча «Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, аталган жайдын 1961-жылы туулган администратору кармалды. Ал да убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Мындай рейдди Бишкек ШИИБи да жүргүзүп жатат. Шаардык милициядан укук коргоо орган кызматкерлери «интимдик кызмат» көрсөткөн кыздар иштеши мүмкүн делген жерлер — сауна, мейманкана жана ижарадагы батирлер текшерилгенин билдиришти.

Жыйынтыгында 60тан ашык кыз аныкталып, арасында жашы жете элек төрт кыз бар экени белгилүү болгон. Бул фактылар бардыгы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.   

Сүрөт: Бишкектин Свердлов райондук акимчилигинин басма сөз кызматы 

Аны менен катар Бишкектин Свердлов жана Биринчи май райондук акимчиликтеринде ишеним телефондору иштей баштады, ал боюнча «интим кызмат» көрсөткөн жайлар тууралуу маалымат берсе болот. Бул багыттагы иш-чаралар минкабдын төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырасын аткаруу үчүн жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Акимчиликтерден ыкчам келип түшкөн кайрылуулар боюнча бардык сауна жана башка жайлар текшерилерин убадалашты. 

«Рейддик текшерүүлөр мындай кызмат көрсөткөн жайларды толук жоюуга чейин күчөтүлгөн режимде жүргүзүлөт. Рейддердин жыйынтыгында интимдик кызматтарды көрсөтүүнү уюштурган адамдардын жана жай ээлеринин жоопкерчилиги каралат», — деп билдирди калаанын Свердлов райондук администрациясы.

30-ноябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекилерине, ошондой эле укук коргоо органдарына 1-декабрга чейин «интим кызмат» көрсөткөн жайлардын баарын жабууну тапшырган. Ал кайсыл аймакта мындай жайлар табылса, ошол жердин жергиликтүү бийлик башчылары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дароо кызматтан алынарын эскерткен.

Тема боюнча:

УКМК секс-кызматкерлерди алардын жеке маалыматын жарыялап «уяткарды». Бул эмне үчүн туура эмес?