Милиция «Дордой» базарында митингге катышкан кишини бейбаштыкка шектеп кармады

Милиция кызматкерлери 30-ноябрда «Дордой» базарында өткөн нааразычылык акциясына катышкан тургунду бейбаштыкка шектеп кармады. Бул тууралуу «Клоопко» 1-декабрда Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда «Дордой» базарынын аймагында «белгисиз адамдар коомдук тартипти одоно бузуп, бир адамдын денесине залал келтирген» видео тараган.

Окуя боюнча Свердлов РИИБи «Бейбаштык» беренеси негизинде кылмыш ишин козгоп, шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

«Коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузганы жана жалпысынан башка кылмыштарды жасаганы үчүн тиешелүү тараптар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

29-ноябрдан тарта өлкөдөгү ири базарлардын ишкерлери контролдук-кассалык машиналдарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы нааразычылык акциясына чыгып жатышат. Эң алгач митингге «Кара-суу» базарынын ишкерлери чыккан, ошол эле күнү Салык кызматы аталган базардын ишкерлери ККМден бошотуларын билдирген. 

«Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге “Дордой” жана “Тураталы эл базары” (Кара-Суу) базарлары кирет», — деп айтылган Салык кызматынын маалыматында.

30-ноябрда «Дордой», «Мадина», «Орто-Сай» базарынын ишкерлери да митингге чыкканы белгилүү болгон. Соодагерлер салык саясатына нааразы болуп, патент системасын калтырууну талап кылышууда. 

ТЕМА БОЮНЧА:

«Дордой», «Орто-Сай» жана «Мадина» базарларынын соодагерлери митингге чыгышты

«Кара-Суу» жана «Дордой» базарларынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат