«Кара-Суу» жана «Дордой» базарларынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат

29-ноябрда Кара-Суу базарынын ишкерлери контролдук-кассалык машиналарын (ККМ) милдеттүү түрдө колдонууга каршы митингге чыгышты. Салык кызматы аталган базардын ишкерлери ККМден бошотуларын билдирди.

«Салык мыйзамдарына ылайык, стратегиялык объекттерге кирген базарларда иш жүргүзгөн ишкерлер өзгөчө салык режиминде иштей алышат. Азыркы учурда стратегиялык объекттерге “Дордой” жана “Тураталы эл базары” (Кара-Суу) базарлары кирет», — деп айтылат билдирүүдө.

Ведомстоводон ишкерлер 2024-жылдын 1-январынан тарта өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда кассалык-көзөмөл машиналарды, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотуларын белгилешти.

Атайын салык режими киреше салыгын, сатуу салыгын, кошумча нарк салыгын алмаштырат жана акциздик товарларды жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарларды кошпогондо, товарларды сатууга карата колдонулат.

Кара-Суу базарынын соодагерлери контролдук-кассалык машиналарын (ККМ) колдонууга каршы экенин айтып, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык билдирип чыгышкан.

Кара-Суу базарынын нааразылык акцияга чыккан соодагерлери. 29-ноябрь, 2023-жыл. Сүрөт: Жуманасыр Сапанов / Azattyk

Акыркы эки жылда кыргыз бийлиги товар же кызмат көрсөтүү менен алектенген ишкерлер үчүн бир катар инновацияларды киргизди. Бийлик ишкерлерден контролдук-кассалык машиналарын (ККМ) колдонууну, ошондой эле товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууну талап кылып келет. Буга байланыштуу Бишкекте жана бир катар аймактарда нааразылык акциялары өткөн.

Авторлошу: Айдана Айбек кызы

ТЕМА БОЮНЧА

Гезит жана улуттук суусундук саткандарды ККМ колдонууга милдеттендирүү сунушталды

ККМге каршы митинг. Мамлекеттик каналдар нааразы болуп чыккандар тууралуу эмне деп жатат?