Бишкек: Мыйзамсыз хирургиялык операция жасаган сулуулук салондун ишине бөгөт коюлду

1-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамсыз хирургиялык операция жасаган сулуулук салондун иши токтотулганын кабарлады.

Аталган салон денедеги майларды хирургиялык жол менен жок кылып жана кардарларга операция жолу менен сурма чыгарып берип жүргөнү айтылат.

Текшерүүнүн натыйжасында лицензиясы жок орто билимдүү адиске айып салынды. Бул иш «Мыйзамсыз дарылоо» жана «Мыйзамсыз ишкердик» беренесине ылайык андан ары териштирүү үчүн милицияга өткөрүп берилди.

Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык мекемени аныктап, 84 миң сом айып пул салган.

Алар тиешелүү уруксат кагаздары жок эле мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык кызматтарды көрсөтүп жүргөнү белгилүү болгон.