Бишкек: Өспүрүмдөр интимдик кызмат көрсөтүп жүргөнү аныкталып, 36 жаштагы шектүү кармалды

Бишкекте 16 жана 17 жаштагы кыздар интимдик кызмат көрсөтүп жүргөнү аныкталып, аталган жайды уюштурууга шектелип 36 жаштагы аял кармалды.

Кармалган шектүү. Сүрөт: Ленин райондук милициясы

Ленин райондук милициясынын 2-декбардагы маалыматына ылайык, шектүүлөр атайын рейд учурунда шаардагы көп кабаттуу батирлердин биринде кармалган.

Бул боюнча «Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.

1-декабрда мурдагы аким жана «Ак Суу» базарынын ээси «сойкукана уюштуруу жана жайгаштыруу үчүн имарат берген» деген шек менен кармалган.

30-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекилерине, кук коргоо органдарына 1-декабрга чейин «интим кызмат» көрсөткөн жайларды жабууну тапшырган.

Ал кайсыл аймакта мындай жайлар табылса, ошол жердин жергиликтүү бийлик башчылары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дароо кызматтан алынарын эскерткен.

Ошондон бери өлкөнүн бардык аймагында интимдик кызмат көрсөткөн жайларды аныктоо боюнча рейд жүрүп, сауна, мейманкана жана ижарадагы батирлер текшерилүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК секс-кызматкерлерди алардын жеке маалыматын жарыялап «уяткарды». Бул эмне үчүн туура эмес?

Интим кызматын көрсөткөн жайларга рейд. Экс-аким кармалып, ишеним телефондору уюштурулду