Президент турак жай кооперативдерине көзөмөлдү күчөткөн мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кооперативдер жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорго кол койду. Ага ылайык, турак жай кооперативдеринин ишине көзөмөл күчөтүлөт.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мыйзам «турак жай-курулуш кооперативдерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну камсыз кылууга, кооперативдерге кирүү менен тургундардын турак жай сатып алуудагы укуктарын ишке ашырууга» багытталган.

Мыйзам боюнча төмөнкү ченемдер киргизилүүдө:

  • турак жай-курулуш кооперативдеринин ишин көзөмөлдөөчү орган, ошондой эле анын ыйгарым укуктары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
  • өз ара жардамдашууга багытталган турак жай кооперативдери жашоо үчүн кыймылсыз мүлк сатып алуу боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн гана түзүлөт. Иштин башка түрлɵрү каралбайт;
  • турак жай кооперативинин мүчөсүнүн үлүштүк салымы кооперативдин үлүштүк фондуна акча түрүндө төлөнөт. Чыгымдарды жабуу же кооперативди камсыздоо үлүштүк фонддун эсебинен жүргүзүлбөйт;
  • өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүлүшү керек, ансыз юстиция органдарына каттоодон өтүү мүмкүн эмес;
  • кооперативдин иши тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн;
  • кандай гана кызыкдар тарап болбосун кооперативдин уставы менен таанышууга укуктуу.

«Азаттык» Юстиция министрлигине таянып, бүгүнкү күндө өлкөдө 162 коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативи бар экенин жазган. Акыркы эки жылда мындай уюмдардын ишмердүүлүгүно байланыштуу 140 кылмыш иши козголгон.

27-мартта кооперативге акча салып, ала албай калгандардын Бишкекте өткөргөн митинги. Сүрөт: Дастан Бекешевдин телеграм-каналы

2022-жылдын башында Улуттук банк турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгүндө каржы пирамидалардын белгилери бар экенин белгилеп, алданып калбоо үчүн тургундарды сак болууга жана бардык документтерин кылдат текшерүүгө чакырган.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2022-жылы 1 524 кыргызстандык дээрлик 902 млн сом акчасын турак жай кооперативдерине алдаткан.