Амантур Жумаев бокс боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Амантур Жумаев. Азия чемпионатында тратылган сүрөт.

Кыргызстандык мушкер Амантур Жумаев Арменияда өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Бокс боюнча федерациядан кабарлашты.

Спортчу 52 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалдык беттеште армениялык атаандашын жеңди. Финалга чейин ал өзбекстандык, германиялык, орусиялык жана польшалык атаандаштырын уткан.

Бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги Армениянын Ереван шаарында өттү. Мелдеш 24-ноябрда башталган, 4-декабрда аяктайт. Ага 60 өлкөдөн келген 600 мушкер катышууда.

Буга чейин Амантур Жумаев Казакстандын Астана шаарында өткөн 16 жашка чейинкилер арасындагы чемпионатта алтын медалга ээ болуп, Азия чемпиону аталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз мушкерлери 16 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында жети медаль жеңди