Кыргыз мушкерлери 16 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында жети медаль жеңди

Кыргызстандык спортчулар бокс боюнча Казакстанда өткөн 16 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында бир алтын, эки күмүш жана төрт коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.

Алтын медалды 52 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Амантур Жумаев жеңди. Күмүш медалды 57 килограммда беттешкен Дилербек Садиров менен 63 килограммда ат салышкан Армаз Ахмади багындырды. Коло медалга 66 килограммда күч сынашкан Рамазан Исаев татыды.

Ошондой эле коло медалга кыздар арасында Айсезим Кушубекова (50 кг), Зарина Курбанова (57 кг) жана Арууке Камытбекова (63 кг) ээ болду.

Мушкерлер Кыргызстанга 3-ноябрда кайтып келди. Аларды департаменттин, бокс федерациясынын өкүлдөрү жана жакындары тосуп алды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Аталган мелдеш Казакстандын Астана шаарында 21-октябрда башталып, 4-ноябрда жыйынтыкталды.