«Июлга чейин тийбегиле дедим». Президент «Дордой» базарындагы соодагерлер менен жолукту

5-декабрда президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына барып, бир жумадан бери митингге чыгып жаткан соодагерлердин талабын укту.

Жолугушууга 500дөн ашык киши чогулду. Өлкө башчысы соодагерлердин патент боюнча иштөө мөөнөтү 2024-жылдын 1-июлуна чейин узартыларын айтты. Алар үчүн патенттин мөөнөтү кийинки жылы 1-январда бүтмөк.

«Эки күндөн бери баарын изилдеп чыктым. Мен азыр кандай иштеп жатышса июль айына чейин тийбегиле, токтотуп тургула дедим. Анткени салыкчыларыбыз өздөрү даяр эмес экен. Мен муну кечээ билдим», — деди ал.

Жапаров «кырдаалдан пайдаланып, мамлекеттик төңкөрүш кылууну көздөгөн күчтөр бар экенин жана алар тууралуу бийликте толук маалымат бар экенин айтты. 

«Артыңарда ким турарыр билебиз десем, “эч ким турбай” деп бакырып жатпайсыңарбы. Силер билбейсиңер да аны. Силерди курал кылып колдонуп жүргөндөр, буга чейин үч жолу революция кылгандар бүгүн да ошондой кылсак экен деп жүрүшот. Саналуу гана күчтөр. Силер өзүңөр үчүн чыгып жатасыңар, түшүнүп жатам», — деди ал.

Жолугушууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана «Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков да катышты.

Буга чейин салык кызматынын башчысынын орун басары Исламбек Кыдыргычов өлкөдо соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана айып пул салууга жарым жылга мораторий киргизилгенин билдирген.

29-ноябрдан бери өлкөдөгү бир катар ири базардын ишкерлери ККМ орнотууга каршы нааразычылык акцияларына чыгышууда. Митингге Бишкек, Ош, Каракол, Талас, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын ишкерлери чыгып жатат

Соодагерлердин башкы талабы — алар учурда иштеп жаткан патент системасын калтыруу, салык салуунун жаңы шарттарын, анын ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү колдонуу талабын алып салуу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Соодагерлерди салыктык текшерүүгө жарым жылдык мораторий кирди — аларга айып салынбайт