Бишкек: Бейтааныш кызды сабап, качып кеткен делген 36 жаштагы шектүү кармалды

Бишкектин Биринчи май райондук милициясы бейтааныш кызды сабап, окуя болгон жерден качып кетти делген 36 жаштагы шектүү кармалганын билдирди.

Жабырлануучу, Бишкектин тургуну милицияга 2-декабрда кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 20:30 чамасында белгисиз бирөө аны борбор калаадагы Январь көчөсүдө сабап, качып кеткенин айткан.

Бул боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү колго түштү. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.

Буга чейин, 14-ноябрда Нарын шаарындагы соодо борборлордун биринде банкоматта кезекте турган 20 жаштагы кызды белгисиз эркек сабап салган.

Милициядан кишиге карата «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун, тергөөнүн жыйынтыгына юридикалык баа берилерин айтышкан.

2023-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 177 өлкөнүн ичинен 95-орунду ээлеп, эки жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нарын: Банкоматка кезекте турган 31 жаштагы эркек 20 жаштагы кызды сабады, териштирүү башталды