Милиция 2023-жылы Андарак айылында беш келин өз жанын кыйганын билдирди

2023-жылы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Андарак айылында бери эле дегенде 7 келин өз жанын кыюуга аракет кылып, анын бешөө көз жумган. Бул тууралуу «Азаттык» Баткен ОИИБне таянып билдирди

Журналисттер өзү чындыгында бул сан көп экенин айтышууда. Алардын айтымында, айылда аялдардын арасында 10 суицид аракети болгон — алардын  эң жашы 20, улуусу 43 жашта болгон.  

Аялдардын өз жанын кыюуга так эмне себеп болгону милицияга белгисиз. Бирок алар аялдардын үй-бүлөсүндө социалдык көйгөйлөр болуп, күйөөлөрү чет өлкөгө иштеп жүргөнү аныкталганын билдиришти.

Андарак айылында өз өмүрүнө кол салган келинди жерге берүү зыйнаты. 5-декабрь, 2023-жыл. Сүрөт: Жениш Айдаров / «Азаттык».

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 11 айында Андарак айылы караган Сумбула айыл аймагында жети үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, жети коргоо ордери берилген. Коргоо ордери берилгенден кийин зомбулук учуру кайталанбаганын айтты милиция.

Андаракта келиндер өз жанын кыйып жатканы боюнча маселени 30-декабрда депутат Жанар Акаев көтөргөн. Ал президенттин жана минкабдын Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүАлмасбек Абытовго кайрылып, бул маселеге көңүл бурууну суранган.

«Үрөй учурган бир статистиканы айтып коёюн. Акыркы бир жыл ичинде 12 келин өзүн өзү асыптыр. Анын үчөө өлбөй калган, калган тогузу өлүптүр […]  Бул бир үйдө алты-жети үй-бүлө жашагандыктан [болгон]», — деген Акаев. 

Үй-бүлөлүк зомбулук — өлкөдө көп жылдан бери актуалдуу болуп келе жаткан башкы маселелердин бири. ИИМдин маалыматына ылайык, өлкөдө үстүбүздөгү жылдын акыркы он айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миң 400 учуру катталган

2023-жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп атканын айтып турат. Отчётто бийлик органдарында аялдардын үлүшү 20%дан ашпаганы, ал эми аялдардын 13%ы жакындарынын зомбулугуна кабылары айтылган.