Али Токтакунов АКШда «Коррупцияга каршы күрөштүн чемпиону» сыйлыгына татыды 

«МедиаХаб» иликтөөчүлөр командасынын жетекчиси жана иликтөөчү журналист Али Токтакунов АКШнын мамлекеттик департаментинин «Коррупцияга каршы күрөштүн чемпиону» наамы менен сыйланды. Сыйлыкты 7-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен тапшырды. 


АКШнын мамлекеттик департаментинин сыйлыгы дүйнө жүзү боюнча өз өлкөлөрүндө коррупцияны алдын алып, ачыкка чыгарууда жана ага каршы күрөштө лидерлик, кайраттуулук сапаттарын жана жыйынтык көрсөткөн адамдарга тапшырылат. Быйыл сыйлык 11 адамга ыйгарылып, алардын бири Али Токтакунов болгон.

Мамдепартаменттин сыйлыгы 2021-жылы уюштурулуп, бүгүнкү күнгө чейин наамга 32 адам татыган.

Али Токтакунов — Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгарылып кетишине түрткү болгон бажыдагы коррупция жана аткезчилик жөнүндө иликтөөнүн авторлорунун бири. Иликтөөчүлөр бажыдагы коррупция жана контрабандага 2021-жылдын 11-февралында күнөөсүн мойнуна алган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин далилдешкен.