УКМК: «Бурана Гранд» курулуш компаниясынын директору кармалды 

УКМК 8-декабрда «Бурана Гранд» курулуш компаниясынын директору И.У.И кармалганын билдирди. ЖМКда кармалган киши экс-депутат Урмат Ишенбеков экени айтылууда. 

Мамкомитеттен билдиришкендей, ал Камчы Асанбектин (Көлбаев) кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга жана адалдоого аралашкан деп айыпталып жатат. Ишенбеков 2024-жылдын 4-январына чейин УКМКнын тергөө абак жайына киргизилди.  

«[Ишенбеков] жана анын шериги “Эмарк Групп” ЖЧКсынын директору, айыпталуучу Чолпонбек Акматов Камчы Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билишип, ал  кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап акча чогултуп жатканын билип туруп, Ишенбеков менен Акматов Көлбаев менен сүйлөшүүлөргө барышып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) аракеттерин жасашканы, атап айтканда Көлбаевдин кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө колдонушканы аныкталды», — деп билдирди атайын кызмат. 

УКМКнын маалыматына ылайык, аталган фактыны жашырыш үчүн алар Көлбаевдин жакын адамы Азрет Боотаев менен сүйлөшүүлөргө барып, кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын жашыруу жана кыймылсыз мүлккө инвестициялоо максатында 2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан 4 га жер тилкесин «Бурана-Гранд»ЖЧКсынан «Каганат Резорт» ЖЧКсынын пайдасына формалдуу сатып алуу келишимин түзүшкөн. 

«Жогоруда аталган жер тилкесинде Көлбаевдин өкүлдөрү кылмыш жолу менен алынган каражатка кымбат баалуу пансионат куруу үчүн курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Келишимге ылайык, пансионатты иштеткенден кийинки пайда төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшү керек болчу: Ишенбеков менен Акматов – 22%, Көлбаев – 40% жана Боотаевге – 38%. Ошол эле учурда Ишенбеков менен Акматов Көлбаев менен жеке жолугушууларды өткөрүп, 1,5 миллион АКШ долларынан ашык киреше алууну пландашкан. Колдо болгон маалыматтарга караганда, Көлбаев өзүнүн кылмыштуу кирешесин легализациялоо максатында “Бурана-Гранд” ЖЧКсынын курулуп жаткан объектилерине акча каражатын салган», — деп билдирди УКМК. 

Атайын кызмат «Бурана Гранд» Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан «Парк Авеню» турак жай комплексин, ошондой эле калаа борборундагы 36 сотук жерге «Бурана Пелес» турак жай комплексин куруп жатканын да кошумчалады.