Жапаров адам укуктарын коргоо мамлекеттин негизги милдети болуп кала берерин айтты

Президент Садыр Жапаров 10-декабрда кыргызстандыктарды Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгы менен куттуктады

«Бул маанилүү документтин принциптери биздин Конституцияда жана негизги мыйзамдарда бекем орун алып, ар бир жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоого умтулуубузду айгинелеп турат. Бүгүн биз Адам укуктарынын күнүн белгилеп жатып, бул принциптердин жашообуздагы маани-маңызын жакшылап аңдап-түшүнүүбүз зарыл. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзүнүн укуктары корголгондугун, мамлекеттин адам укуктары жаатындагы жогорку стандарттарды сактоого умтулгандыгын сезе алгыдай болушу кажет», — деди Жапаров.

Президенттин билдирүүсү жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдарынан адам укутары жана басма сөз эркиндиги начарлап кеткени боюнча айтылган отчётторунун шартында айтылды. Бул опозициялык саясатчылардын, активисттердин, блогерлердин кармалышы менен жана тынч чогулуштарга тыюу салуу, көз карандысыз ЖМКларды жабуу аракеттери менен байланыштуу. 

Мисалы басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде Кыргызстан 122-орундан 72-орунга түшкөн, ал эми Freedom Houseтун укук коргоочулары үчүнчү жыл катары менен Кыргызстанды «эркин эмес» өлкө катары санап келет.