Баткен: Президент Садыр Жапаров УКМКнын жаңы имаратын ачты

12-декабрда президент Садыр Жапаров Баткен облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кезектеги жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жапаров иш-чарада УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкерлерине карата «облус аймагына эл аралык деп эсептелген бандиттик уюмдар басып кирип, коомдук-саясий кырдаал татаалдашып турган аябай оор шарттарда кырдаалдан кыраакылык менен чыгып келатышат» деп белгиледи.

«Тилекке каршы, Башкармалык бүгүнкү күнгө чейин өз кызматын эски бала бакчада аткарып келди. Эми бүгүнкү берилип жаткан заманбап имарат сиздерге белек болсун. Ошону менен бирге, сиздердин Ата Мекенге берилүү менен кызмат кылууңуздарга өбөлгө болсун», — деди президент. 

Аны менен катар, өлкө башчысы УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин «жетекчилиги астында өлкөдө чырмалышкан коррупция, контрабанда жана уюшкан кылмыштуу топтор менен айыгышкан күрөш жүрүп жатат, анын натыйжасында Кыргызстанда, анын ичинде Баткен облусунда да байкалаарлык өзгөрүүлөр болуп жатат» деп кошумчалады. 

Имараттын ачылыш аземинде Жапаров жаңы объекттин кызматтык жайларын карап чыгып, жаңыланган шарттарды көрүп, кызматкерлер менен баарлашты.

УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары өлкө боюнча 2021-жылдын сентябрынан бери ачылып келет. Буга чейин ноябрь айында УКМКнын жаңы имараты Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында ачылган.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Ташиев УКМКнын кезектеги дагы бир имаратын ачты

Жумгал: Камчыбек Ташиев УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты