Кара-Суу: Салык кызматынын бөлүм башчысы зордуктоого шектелип, суракка алынды

Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кызын 32 жаштагы кошунасы зордуктап, боюна бүтүп калган соң «коркутуу жолу менен бойдон түшүрүүчү дарыларды бергенин» айтып чыкты. Ал «Т-Медиа» телеканалына шектүү Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы экенин билдирди.

Ал эми Ош облустук милициясынан «Клоопко» 12-декабрда бул иш боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдашты.

Кара-Суунун тургуну Асадилла Ибайдуллаев 30 жаштагы кызын 32 жаштагы айылдашы зордуктап, боюна бүтүп калганын 11-декбарда билдирген. Кыздын жакындары шектүүнү мыйзам чегинде жазалоону талап кылышууда.

«Тийиштүү органдарга кызымды зордуктаган зөөкүргө мыйзам чегинде чара көрүп беришин суранам. Канчалаган жашырылып калган ушундай окуялар ачылып, зөөкүрлөр мыйзам алдында жазаланышын талап кылам», — деди жабырлануучунун апасы. 

Жабырлануучу тарап буга чейин Кара-Суу райондук салык кызматына шектүүнү жумуштан алууну талап кылып арыз жазган. Ал эми мекеменин башчысынын орун басары «арыз тиешелүү жакка жөнөтүлгөнүн» билдирген.

Милиция эмне дейт?

Ош облустук ички иштер башкармалыгы «Клоопко» Кара-Суунун 30 жаштагы тургуну милицияга үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында арыз менен  кайрылганын ырастады. Анда ал июль айында 32 жаштагы айылдашы анын «эркине каршы күч колдонуп зордуктаганын» айтып берген. 

Бул факты милициянын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Көчөдө 15 жашар кызды зордуктоо аракети болгону кабарланды

Таласта өспүрүмдү зордуктоо фактысын жашырууга шектелген милиционерге  60 миң сом айып салынды