«Үй алып берем». Ошто ири суммадагы алдамчылыкка шектелген тургун кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда «арабдардын атайын фондунан үй алууга көмөктөшөм» деп тургундарды ири суммадагы акчага алдап качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 13-декабрда Ош ШИИБден билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ.

Милициянын маалыматына караганда, арыз менен кайрылган 12 жабырлануучулардын ичинде эң аз 10 миң доллар, эң көп 12 млн сом жана 20 миң долларга алданган тургундар бар.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. 

Шектүүнүн баш коргоо чарасы 13-декабрда Ош шаардык сотунда каралат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов дагы эки кылмышка шектелип кармалды