Бишкек: Көчөдө 15 жаштагы кызды зордуктоо аракет кылган 42 жаштагы шектүү кармалды

Бишкек шаарында 15 жаштагы окуучу кызды зордуктоого аракет кылган 42 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу «Клоопко» 14-декабрда Ленин райондук милициясынан кабарлашты. 

Сүрөт: Ленин райондук милициясы.

Окуя 24-ноябрда саат 08:40 чамасында Бишкектеги Жибек Жолу жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда шектүү кыздын колун кайрып, бадалдын арасына сүйрөп кирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу өспүрүмдүн эжеси инстаграм барагына жазып чыккан.

«Сиңдим каршылык көрсөтүп, жардам сурап кыйкырган, бирок эч ким келген эмес. Бадалдын арасына сүйрөп кирип, жерге жыгып, кармалап баштаганда ал жерден кишилер өтүп баратканда зөөкүр качып кеткен. Сиңдим аны тартканга жетишкен, бирок видеонун сапаты начар. Видеодон үрөй учурган окуядан улам сиңдимдин кантип деп алып жатканын угууга болот», — деген кыздын эжеси.

Милициядан шектүүгө карата «Кылмыш жасоого аракеттенүү» жана «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатканын белгилешти.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкек: Көчөдө 15 жашар кызды зордуктоо аракети болгону кабарланды