Быйыл чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга 530 кишинин сөөгү алып келинди

Жыл башынан бери чет мамлекеттерден өлкөгө 530 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Бул тууралуу 14-декабрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине таянып «Азаттык» басылмасы жазды.

Алардын көбү Орусиядан, калгандары Түштүк Корея, Түркия жана Казакстандан алып келинген. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 57 млн 610 миң сом бөлүнгөн.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы чет өлкөлөрдө каза тапкан 350, ал эми 2021-жылдын тогуз айында 332 кыргызстандыктын сөөгү келген. 

Эмгек министрилигинин соңку маалыматына ылайык, учурда 1,5 миллиондон ашык кыргызстандык чет өлкөдө эмгектенип жүрөт. Алардын 1 миллиондон ашыгы Орусияда.

ТЕМА БОЮНЧА:

ТИМ: Өткөн жылы чет өлкөдөн 350 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди

ТИМ башчысы мекенге кайтып жаткан мигранттарга 60 миң жумуш оруну бар экенин билдирди