«Клооп» SMM адис жана оператор издейт

«Клооп» сени чакан, бирок жаратман команданын мүчөсү болууга чакырат. Бизге «Клооптун» социалдык тармактарына кызыктуу контент жаратып, окуяларды видеоформатта айтып бере турган эки адам керек. 

Эгер сен дизайнды, телефондон монтаж кылганды, идеяга бай жана продукцияны соцтармактарда жайылтканды мыкты билсең, анда сөзсүз түрдө биздин СММ адистик кызматка билдирме тапшыр.

Эгер сен визуалдык образдарды көрө билген, видеодогу сторителлингдин принциптерин түшүнгөн, тартуу жана монтаж өнөрүн билсең, анда оператордук иш ордуна тапшыр. 

СММ адиске карата талаптар

Бизде иштей турган адам буларды билиши керек: 

  • акыркы тренддерди; 
  • шыктуу жана командалык иштин көзүн билген;
  • соцтармактарга уникалдуу контент жаратуу тажрыйбасы бар;
  • соцтармактарда продукцияны жайылта алат;
  • Смартфонго сапаттуу сүрөт жана видео тартканды билет, ыкчам монтаж кыла алат, (CapCut жана башка) видеомонтаждоо программаларын билет; 
  • Дизайнды жакшы түшүнөт, (Photoshop, Figma жана башка) дизайн программалар менен иштегенди билет; 
  • Контент план түзүү жана таргет иштетүү тажрыйбасы бар; 
  • Кыргызстандагы окуялар жөнүндө гана эмес, «Клооптун» сервистери жөнүндө дагы контент жаратканга даяр болушу керек. 

Операторго карата талаптар

Бизге буларды билген адам керек: 

  • профессионалдык техникага тартканды жана Adobe Premiere Pro’до монтаж кылганды билет. Adobe After Effect’ти билүүсү артыкчылыктуу;
  • кыска, бирок мазмундуу тексттерди жазганды билет. Журналисттик тажрыйбасы бар болсо андан бетер жакшы;
  • видеоконтент үчүн сторителлингдин мыйзамдарын түшүнөт;
  • студияда да, көчүп иштедегенди да жакшы билет.

Дагы кандай талаптар бар?

  • Кыргызстандагы жанылыктар күн тартибин, айрыкча саясий процесстерди түшүнөт, ошондой эле негизги персоналарды билет; 
  • сөзсүз кыргыз жана орус тилдерин билүүсү керек. Кошумча башка тилдерди билсе да жакшы. 
  • Ийкемдүүлүк. «Клооп» бир эле контент жаратпастан, аны жаратканда дагы үйрөтөт. Демек бул, сиз бир заматта крейтордон тренерлик вазыйпаны дагы өздөштүрүп аласыз дегенди билдирет.

Жумуш убактысы: Аптасына беш күн, ишемби жана жекшемби — дем алыш.

Тандоо эки баскычта жүргүзүлөт. Талапкерлер маекке чакырылып, андан кийин аларда сыноо тапшырмалары берилет.

Билдирмелер 2024-жылдын 20-январы саат 18:00гө чейин кабыл алынат.