Садыр Жапаров эмне үчүн быйыл да жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрбөсүн билдирди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине курган маегинде журналисттер бардык кызыккан суроолоруна жоопту Курултайдын түз трансляциясынан ала алышат деп билдирди. Ал мамагенттиктин эмне үчүн эки жылдан бери жыл жыйынтыгы боюнча маалымат-жыйын өткөрүлбөй жатат деген суроосуна ушинтип жооп берди.

«Ал эми Курултай болсо Конституцияда белгиленген. Ар жылы шайланып келген делегаттарга маалымат беришим керек. Мына ошол жерде өлкөдө эмне иштер жасалып жатат, эмнелер пландалууда баарын камтууга аракет кылам. 2 жылдан бери өзүңүздөр күбө болуп келаткандай, эки күн бою айтылган бардык суроолордон кийин, жыйынтыгында кенен-кесири жооп берип жатабыз. Ошол жерден журналисттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алат деп ойлойм. Ошол жетиштүү деп эсептейм», — деди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, дал ошол курултайда «элдин пикирин угуп, элди түйшөлткөн, коомчулукту кызыктырган маселелердин чечилиши тууралуу ойлор, иштер ортого салынат».

«Бул эми жакшы көрүнүш. Чынында эле депутаттар же аким, губернаторлор кабар ала албай калган жагдайлар болот экен. Курултайда андай көйгөйлүү маселелерди өлкөнүн булуң-бурчунан шайланып келген делегаттар бийликтин алдына түз коюшат жана түз жооп алып жатышат. Бул жакшы иш да акыры», — деп эсептейт Жапаров.

Жапаров журналисттер жыл сайын жыйынтыктоочу маалымат жыйында окшош эле суроолорду узата бергенине нааразы, ошондуктан өзүнүн да, журналисттердин да убактысын коротпоону чечкен.

«Жалпысынан “тигил тууралуу мындай деген кептер айтылууда, бул жөнүндө ушундай сөз болууда, сиз кандай дейсиз” деген эле суроолор. Ошондон кийин маалымат жыйынга убакыт короткондун ордуна, коомубузду кызыктырган, резонанс жараткан окуялар боюнча журналисттердин убактысын коротпой эле алдын ала жооп берүүгө аракет кылып келебиз. Буга менин да, журналисттердин да атайын убактысын бөлүүнүн кажети жок болуп калат», — деп билдирди президент.

Жапаров журналисттер үчүн жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйындан ушуну менен экинчи жыл катары менен баш тартып жатат. Буга чейин анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов быйыл пресс-конференция президенттин «иш тартиби тыгыз» болуп аткандыктан өтпөсүн билдирген. Анын айтымында, Жапаров катышкан иш-чараларда ансыз деле коомчулукту кызыктырган суроолорго жооптор берилип жатат.

«Алдыда Элдик курултай, аймактык жана чет элдик сапарлар бар. Жылдын аягында Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүү пландалууда», — деген Алагөзов 24.kg’ге.