Ташиев президент менен «араздашып жүргөнү» тууралуу кептерди четке какты

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Элдик курултайга катышпаганын «үч күндөн бери катуу ооруп, эми өзүнө келгени» менен түшүндүрдү. Ал 17-декабрда фейсбукка билдирүү жазып, президент Садыр Жапаров менен «таарынышып жүрөт» деген маалыматтарды четке какты.

Ташиев президенттин курултайда ал тууралуу айтканын эске салып, «эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайт» деп белгиледи. Анын айтымында, алар үчүн элдин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу — эң кымбат жана эч нерсеге алмаштыргыс бакыт.

«Президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде алты жылга шайланган, бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы беш жыл экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу. Ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап, элибизге чогуу кызмат кылабыз деп үмүт артам. Сегиз жылдан кийин Садыр досумдай эл-журт деп күйүп-жанган кыргызымдын бир инсаны чыгат, буюрса!» — деди Ташиев. 

Буга чейин, 16-декабрдагы Элдик курултайда Жапаров Ташиев экөөнү араздаштырып, кайраштыруу боюнча аракеттер «үч жылдан бери уланып келе жатканын» айткан

«Мен президент болуп отурамынбы, Камчыбек Кыдыршаевич отурабы, экөөбүзгө айырмасы жок. Себеби, ал да мекеним деп күйөт, ошондой эле мен дагы мекеним деп күйөм. Андыктан талашпайт, сары санаа болбой эле койгула», — деп белгилеген өлкө башчысы. 

Борбор калаадагы Улуттук филармонияда 15-16-декабрда экинчи Элдик курултай өттү. Ага чакырылган жалпы 700 делегаттын 695и катышты. Алардын 640ка чукулу аймактан келгендер, 30у этностук топтордун өкүлдөрү, дагы 30у эмгек мигранттары экени айтылган.

Мамлекет башчысы курултайда сүйлөгөн сөзүндө экономикалык жетишкендиктер, коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтып, ошондой эле аялдарга карата зомбулук жана адам укуктары тууралуу кеп козгоду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бийликтин ийгилиги, коррупция жана салык. Президент Элдик курултайда эмнелерди айтты?