Жашыруун төрөт. Депутат балдарын таштайм деген аялдар жашыруун төрөй турган жер ачууну сунуштады

Депутат Жылдыз Садырбаева атайын мекеме ачууну сунуштады. Ал жерде аялдар жашыруун төрөп, баласын башка адамдар багып алышы үчүн калтырып кете алышат. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду

Садырбаеванын айтымында, мыйзам долбоору жаңы төрөлгөн ымыркайларын таштаган энелерге альтернатива түзүүнү, ошондой эле чүрпөлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун сактап калуу максатын көздөйт. Документке ылайык, эненин жеке маалыматы жана аты-жөнү үчүнчү жактарга, анын ичинде төрөттү кабыл алган дарыгер жана медкызматкерге ачыкталбай, жашыруун болот.

Мыйзам долбоорунда көз жарган аял жана анын ымыркайы квалификациялык мед жардам алып, үйдө төрөөнүн айынан болуучу түрдүү оорулардын алдын алууга өбөлгө болору айтылат.

«Ушул сыяктуу учурлардын көпчүлүгүндө, аял узак убакыт бою баладан кантип кутулууну ойлонот. Мындайда ал ымыркайды өлтүрүп, өзүнүн анонимдүүлүгүн сактап калуу максатында, аны бирөө-жарым таап, таанып же жазалабасын үчүн жакындарынын жана коомдун айыптоолорунан “коргонуу” чечимин кабыл алат. Бул аялдар көбүнесе өз алдынча жардам сурай алышпайт. Биринчиден, алардын социалдык компетенциясы жана билими жетишсиз болсо, экинчиден, бүтүндөй коомдук айыптоо, жалгыздык жана эч кимге керексизмин деген ой-сезим үстөмдүк кылат», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде. 

Ошондой эле мыйзам долбоорунун демилгечиси бүгүнкү күндө төрөт үйлөрү бул кызмат кийин милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан төлөнбөстүгүнөн улам жашуруун төрөттү кабыл алуудан баш тартып жатышканын да белгиледи. Анын айтымында, дарыгерлерде жашыруун төрөттү кабыл алуунун регламенти жок, андыктан төрөй турган аялдар медициналык мекемелерде төрөөдөн баш тартууга аргасыз болушат. 

«Аял баланы төрөт үйүнө калтыруу менен, мамлекеттин карамагына өткөрөт да, мамлекет аны багып, ага кам көрөт. Кийинчерээк бала асырап алынышы мүмкүн, бирок бул процесс баладан баш тартканга караганда узагыраакка созулат. Анткен менен баланы таштандыга же көчөгө ыргытпастан, аял гумандуураак мамиле жасаган болмок», — деп айтылат документте.

Садырбаеванын айтымында, коом аргасыз абалда калган аялдардын мындай кадамга барган себептерин талдагысы келбеген мамлекеттик айыптоочунун позициясын карманып турганда мындай окуялар аянычтуу аяктай берет.

2023-жылы күзүндө өлкөдө аялдар төрөп туруп балдарын көчөгө таштап кеткен бир нече окуя катталган. Алсак, Бишкектин Арча-Бешик конушунда үйлөрдүн биринин дубалынын алдында полиэтилен баштыкка оролуп, коробка салынган ымыркай табылган. Дагы биринде жаңы төрөлгөн ымыркай калаанын көчөлөрүнүн бириндеги таштанды челектен табылган. Үчүнчү окуя Жалал-Абад шаарында, мында да ымыркай таштанды таштоочу жайдан табылган.

Мындай учурда милиция ташталган ымыркайлардын энелерин таап, жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүүгө аракет кылган деп айып тагат, бул үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы каралган.