Исаковдун иликтөөсүнөн кийин Райымбек Матраимов ээлеп алган муниципалдык жол ачылды

Эркин иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков коррупцияга айыпталган Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов Ош шаарындагы муниципалдык жолдордун бирине тосмо орнотуп, менчигине өткөрүп алганын айтып чыкты

Ал эми 22-декабрда Ош шаардык менчик башкармалыгынан «Клоопко» Матраимов тосуп алган муниципалдык жолдогу дарбазалар алынып, жол ачылганын билдиришти.

Оштогу муниципалдык жол жана спорттук аянт

Журналист буга чейин УКМКнын төрагасы «мафия» деп атаган экс-бажычы Райымбек Матраимов Ош шаарындагы «Келечек» балдар борборунун жанында жайгашкан муниципалдык менчикти, тактап айтканда, жолду тосуп, өзүнө унаа токтотуучу жай катары колдонуп келгенин билдирди.

Ошондой эле Исаков Оштун борборунда жайгашкан спорт аянтын Ош айыл чарба техникумунун мурдагы директору Сейитбек Аматов Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун аялы Минавар Жумаевага сатып жибергенин жана аталган жер азыркыга чейин мамлекеттин карамагына кайтарылбаганын эске салды. 

Иликтөөчү-журналист Ыдырыс Исаков аянттын мыйзамсыз менчиктелип кеткени тууралуу 2021-жылы иликтөө жарыялаган

Исаков «мыйзам боюнча спорттук аянт жана соцобъекттер жеке жактарга сатуу мыйзамсыз экенине карабастан кантип сатылып кеткени жана ал жерлер мамлекетке кайра кайтарыларын же кайтарылбасын» аныктоо максатында Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Дастанбек Мурзалиевге кайрылды. 

Мурзалиев «кызматка келгенине бир жылдай эле убакыт болгонун, аталган спорттук аянттын жер тилкеси Минавар Жумаевага кантип сатылып кеткени тууралуу так маалыматы жок экенин» билдирген.

Ош шаардык менчик башкармалыгынын жообу

Ал эми 22-декабрда Ош шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын оруна басары Дастанбек Мурзалиев «Клоопко» Матраимов тосуп алган муниципалдык жолдогу дарбазалар алынып, жол ачылганын билдирди.

«Матраимовдорго “силерге оозеки эскертүү берип жатабыз, эртең биз барып тосмолорду алабыз” дегенде “биз азыр эле өз ыктыярыбыз менен ала баштайбыз” деп, мени деле өздөрү чакырышты. Азыр майда-чүйдө иштери бар экен аны бүтүрүп коёбуз дешти», — деди ал.

«Спорт аянтын Аматов [Сейитбек Аматов — Ош айыл чарба техникумунун директору] токтом менен сатып алган экен. Кийин [Искендер] Матраимовдун аялы [Минавар Жумаевага] саткан экен. Азыр бизге ошол боюнча протоколдук тапшырма түшүп, кайтарып алуу иштерин баштадык», — деди Мурзалиев.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аматовдордун кланы, Ош мэриясы, «Алай» футбол клубу. Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү