Аматовдордун кланы, Ош мэриясы, «Алай» футбол клубу. Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү

Эркин иликтөөчү-журналист Ыдырыс Исаков 27-апрелде Аматовдордун үй-бүлөсү жана анын «Алай» футбол клубуна тиешеси тууралуу иликтөөсүн жарыялады.

Демөөрчүлүк кылган мэрия

Журналисттин маалыматы боюнча, «Алай» футбол клубу Ошто 1960-жылы түзүлгөн — ал убакта клуб «Ош» деген ат менен белгилүү болчу, бирок кийинчерээк белгисиз шарттарда клуб Ош айыл чарба техникумунун директору Сейитбек Аматовдун жеке менчигине өтүп кеткен.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалымат боюнча, «Алай» футбол клубунун 4 ээси бар: Алмазбек Сулайманов, Полот Тувашев, Сейитбек Аматов жана Асылбек Майлыбаев.

Ош мэриясы жана клуб жетекчилиги «Алай» дагы эле муниципалитетке таандык деп ишендирет. Ош калаа башчылыгы өз бюджетинен бул клубга жыл сайын 20 млн сом бөлүп турат.

Бирок, футболисттердин өзү клуб жетекчилиги аларга керек болсо суу да сатып бербейт деп айтышууда. 2020-жылы жай мезгилинде алар Ош мэриясынын алдына келишип, клубду башкаруу начар болуп атканын атйып нааразы болушкан.

«Башка жерлерге сборго барганда суу да алып бербейт. Анан бир күндүк чыгым деп жаздырып, 2 нан, жарым колбасаны берип коюп, суткалык кагазга 1200 сомго кол койдурат. Бизге сарпталган акчадан көп жазып, бизге кол койдурат. Кээде бош эле барактарды алып келип бизге кол койдурат», — деп айтып берген ошондо футболчулардын бири.

Исаковдун маалыматына ылайык, Аматовдор футбол клубун акча үчүн эле эмес, саясатта да пайдаланышат.

«Мисалы, президенттикке аттанып жаткан учурда 3% гана рейтинги бар Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясында “Алайдын” оюнчуларын кадыресе пайдаланышкан», — деп билдирет журналист.

Анын айтымында, Жээнбеков отставкага кетерден эки ай мурун Сейитбек Аматовдун иниси Байыш Юсуповду өзүнө көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык түрүндө Ош облусуна Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындам койгон болушу ыктымал. Бирок өлкөдө бийлик алмашкандан кийин, Юсупов да кызматынан кетирилген. Мындан кийин Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов Юсуповдун уулун Ош шаарына вице-мэр кылып дайындаган.

Аматовдор кланынын байлыгы

Сейитбек Аматов — акыркы 30 жылдан бери Ош айыл чарба техникумунун директору, окуу жайдын аянтына беш кабаттуу үй курган.

«Ошол эле учурда техникумдун абалы 30 жыл мурда кандай болсо ошол эле бойдон калган. Ажатканалары дагы ошол эле бойдон», — деп белгилейт Исаков.

Аматов өзү да техникумдун аймагындагы үй ага таандык экенин танбайт. Анын айтымында, ал аны мэриядан сатып алган, техникумдан тартып алган эмес.

«Ал менин үйүм. Мен ал жерде каттоодо турам. Алтообуз, мен, жеңең, дагы төрт балам ошол жерде 20 жылдан бери каттоодо турабыз», — деп билдирет Аматов видеодо.

Мындан тышкары, Исаков аталган үйдө 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо маалында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын штабы жайгашканын да аныктаган. Бул партияны УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен байланыштырышат.

Исаковдун айтымында, Аматов өзү жетектеген техникумдун стадионун Искендер Матраимовдун аялы Миновар Жумаевага сатып жиберген. Аткаминер өзү стадионду мэриядан сатып алып, андан кийин гана сатып жибергенин айтат. Бирок алар [Матраимовдор] студенттерге дене тарбия сабагында стадионду колдоно берүүгө уруксат беришкен.

«Аматовдун 30 жылдык ишин териштире келсеңиз бир гана өзү үчүн, жеке үй-бүлөсү үчүн иштегенине ынанасыз», — дейт журналист. 

Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү

Ыдырыс Исаков — финполдун экс-бөлүм башчысы Айбек Токоевдин мыйзамсыз байыган фактыларынын бетин ачкан эркин иликтөөчү-журналист.

Ал башка иликтөөчү-журналисттер Марат Уралиев жана Болот Темиров менен Токоевдин байлыктары жөнүндө иликтөө чыгарган. Андан кийин, 18-январда, аткаминер «мыйзамсыз баюуга» шектелип кармалып, кийинчерээк 18-мартка чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.