Кара-Суу: Сарай айылында төрт жыл мурда 33 млн сомго курулган өтмөк жараксыз деп жабылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында курулушу төрт жыл мурда аяктаган 33 млн сомдук жер алдындагы өтмөктүн абалы начар экенине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу «Клоопко» 22-декабрда аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Муктар Раимбердиев тастыктады.

Маалыматка ылайык, өтмөктү куруу иштери 2018-жылы башталып, 2019-жылы аяктаган.

«Жер алдындагы өтмөк бүткөрүлүп, бирок мыйзам боюнча колдонууга берилген эмес. Өтмөк боюнча иш козголуп, бүгүнкү күндө документтер УКМКда деп жатышат. Куруучулар жараканы сыртынан кеткенин айтышты, колдонууга жараксыз деп айта албайм, жыйынтыгы экспертизадан аныкталат», — деди Райымбердиев.

Жер астындагы өтмөктүн курулушу 2018-жылдын соңунда аяктамак, бирок курулуш компаниясы өтмөктүн үстүндөгү жолго өз убагында асфальт төшөлбөй калганына байланыштуу анын кыртышы чөгүп, жаңы курулуштун ичине жаан-чачын өтүп кеткенин билдиришкен

Аталган өтмөк Кара-Суу базарынын жанында жайгашкан. Базар 19 гектар жерди ээлейт — бул аянт 26 футбол аянтына барабар. Ага негизинен Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жашоочулары, ошондой эле Өзбекстандын чек арага жакын райондорунун жарандары келишет.

Жоон топ сатып алуучулар себептүү базар жайгашкан аймакта унаа кыймылы өтө ири жана кээде кырсыктар катталып турат. Мындан улам жер асты өтмөгү базарга келгендерге коопсузураак жол болуп бермек. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суу: Бийлик 28,8 млн сомго жер астындагы өтмөгүн курган. Үстүндөгү жол бүтпөгөндүктөн шыбынан суу агууда