Президент Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбековду кызматтан бошотту

Жаныбеков башка кызматка өткөнүнө байланыштуу иштен бошотулганы маалымдалды.

Анын ордуна министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул жарлыкка 25-декабрда өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.

Сүрөт: Бакыт Төрөбаев жана Аскарбек Жаныбеков.

«Азаттык» басылмасынын маалыматына ылайык, Жаныбеков климаттык көйгөйлөр айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнө жана фермерлердин кирешесине таасирин тийгизгенин маалымдап, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба тармагында дээрлик эч кандай өсүш болбогонун тастыктаган.

Ал биринчи жолу 2012-жылы айыл-чарба министрлиги кызматын жетектеп, 2021-жылы кайрадан айыл чарба министрлигинин башчысы болуп дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азык-түлүк коопсуздугу. Кыргызстан жер семирткич сатып алууда 180 млн сом зыянга учурады