Соңку аптада өлкөдө сасык тумоо менен ооругандардын саны 16 миңден ашты

Кыргызстанда соңку аптада, тагыраагы 18-декабрдан 24-декабрга чейин сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялар (ОРВИ) менен ооругандардын саны 16 миң 223төн ашты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруулар өткөн аптага салыштырмалуу 40,2%га өскөн, бирок 2022-жылдын ушул эле жумасына салыштырмалуу 2,1 эсеге азайган.

Илдетке чалдыккандардын 65,2%ын (10 миң 578 учур) 14 жашка чейинки балдар түзөт.  Бул эпидемиологиялык сезондо грипптин А түрү жана башка респиратордук вирустук инфекциялар кездешүүдө. 

Аны менен катар ведомстводон COVID-19 илдетинин көрсөткүчтөрүнө дагы байкоо салуу уланып жатканын маалымдашты. 2023-жылдын башынан бери калк арасында оорунун 479 учуру катталган.

Курч респиратордук инфекциялардын (ОРВИ) жана грипптин алдын алуу иш чаралары:

  • Вируска каршы дарыларды ичүү;
  • Иммунитетти жогорулатуучу дарыларды ичүү;
  • Эмдөөдөн өтүү;
  • Маска тагуу;
  • Гигиенаны сактоо;
  • Эпидемия учурунда эл көп чогулган жерлерден алыс болуу.

Курч мүнөздөгү респиратордук инфекциялардын сезондук өсүшүн, ошондой эле балдардын жаңы жылдык балатылары, корпоративдер, кечелерди эске алып, дарыгерлер алдын алуу чараларын сактоого чакырышат.

Балада сасык тумоонун белгилери байкалган учурда ден соолугу калыбына келгенге чейин мектепке же бала бакчага жиберүүгө болбойт. Жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылуу керек.

Автору: Айгерим Белек кызы