Жалал-Абад: Бычакталган 14 жаштагы баланын ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартты

Жалал-Абад шаарында тогузунчу класстын окуучусу пикир келишпестиктен улам 14 жаштагы баланы бутунан бычактады, ал эми жабырлануучунун ата-энеси арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу «Клоопко» 26-декабрда Жалал-Абад шаардык милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга 25-декабрь саат 12:20да №8 орто мектептин короосунда мектеп окуучусу Жалал-Абад шаарынын 14 жаштагы тургунунун сол бутун учтуу нерсе менен жаралаганы тууралуу маалымат түшкөн. Натыйжада жабырлануучу Жалал-Абад облустук балдар клиникасына кайрылып, жардам алган.

Бул факт Жалал-Абад ШИИБдин электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Жабырлануучунун бир тууган агасынын маалыматына караганда, 25-декабрь күнү №8 орто мектептин короосунда инисинин №1 орто мектептин 9-класста окуган досу «эч себепсиз учтуу нерсе менен сол бутуна сайып жибергенин, пикир келишпестик эмне себептен улам чыкканын билбейт экенин» айткан. 

Ал эми жабырлануучунун жакындары «окуя боюнча шектүүгө карата арыз жазуудан жана соттук медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышарын, ата-энелер өз ара келишип алышарын» билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аксы: Өспүрүмдөр мушташа кетип, 17 жаштагы окуучу бычак жеп каза болду

Өзгөн: Окуучулардын өзүнөн чоң класстагылар тарабынан сабалышына байланыштуу мугалимдерге эскертүү берилди