Баткенде жол кырсыгына кабылган блогер Ош облустук оорукананын дарыгерлерине нааразы болду

Аружан Бекешева жана кырсыкка кабылган унаа. Сүрөт: Коллаж

26-декабрда Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунда жол кырсыгына кабылган казакстандык блогер Аружан Бекешева соцтармактагы барагына Ош облустук ооруканасынын кызматкерлерине нааразычылык билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер блогерге «тиешелүү жардам көрсөтүүнүн ордуна коридордо күттүрүп, жаңы жылдык кече белгилешкен».

Ал эми 26-декабрда Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жетекчиси Атабек Жумалиев «Клоопко» блогердин сөзүн четке кагып, ага дароо тиешелүү жардам көрсөтүлүп, атайын бөлмөгө жаткырылганын билдирди.

Эмне болду? 

25-декабрда саат 12:30 чамасында Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 213-чакырымында Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. 

Кырсыктын кесепетинен жабыркаган айдоочу менен эки жүргүнчү ооруканага жаткырылган. Жергиликтүү басылмалар кырсыктан жабыркагандардын бири казакстандык блогер Аружан Бекешева экенин жазышкан.

Ош облустук ооруканасына алып келинген блогер 26-декабрда соцтармактары баракчасына видео жүктөп, анда дарыгерлер блогерге «тиешелүү жардам көрсөтүүнүн ордуна коридордо күттүрүп, жаңы жылдык кече белгилешкенин» айтып чыкты.

«Оштун ооруканасынын коридорунда жатам. Анткени аларда бүгүн жаңы жылдык кече. “Рентгенге да түшүрбөйбүз» дешти, анткени бүгүн аларда жаңы жылдык кече… [...] Жаңы жылдык кече — адам өмүрүнөн маанилүүрөөк», — деп наарызычылык билдирди Бекешова.

Оорукананын жообу

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жетекчиси Атабек Жумалиев «Клоопко» 26-декабрь күнү саат 17:30дар чамасында аталган ооруканага 23 жаштагы бейтап келип түшкөнүн тастыктады.

Жетекчинин айтымында, бейтапты оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жайгаштыруу үчүн алып барган учурда «бейтап керебеттин шейшебин алмаштырылганча болгону 2 мүнөт 40 секундга коридордо күтүп калган». 

Бейтап нөөмөттөгү дарыгер-травматолог тарабынан кароодон өткөрүлүп, ага баштын жаракаты, мээнин чайкалышы, тери алдындагы шишик, омуртканын сынышы диагноздору коюлган. 

«Дарыгерлер үчүн блогерлер болобу, катардагы карапайым бейтап болобу айырмасы жок. Ооруканада ар дайым күзөттөгү дарыгерлер өз милдеттерин аткарып, ар бир бейтапты кабыл алып, текшерүүдөн өткөрүп, тийиштүү бөлүмдөргө жайгаштырышат. Ошол күнү корпоратив болгон, бирок жумуш убактысы бүткөндөн кийин, кандай гана иш чара болбосун күзөттө дарыгерлер болот, ал талашсыз маселе», — деди Жумалиев. 

Ооруканын жетекчиси учурда бейтапка кошумча изилдөөлөр жүргүзүлүп, тийиштүү жардамдар көрсөтүлүп жатканын кошумчалады. 

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына күн сайын миңге жакын бейтап амбулатордук жардам алып, жүздөн ашык бейтап стационарга жаткырылат, 50гө чукул бейтапка ар кандай татаалдыктагы операциялар жасалат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ардагердин оорукананын коридорунда жаткан сүрөтү боюнча дарыгерлер маалымат берди