УКМК: 47 млн сомдук аткез жүктү Өзбекстанга алып өтүүгө аракеттенген жаранга 150 миң сом айып салынды

Баткен облусундагы «Кадамжай-авто жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Өзбекстанга аткезчилик менен жалпы суммасы 47 млн 278 миң 780 сомдук эл керектөөчү товарларды алып кирүүнү көздөгөн өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу 26-декабрда УКМКдан билдиришти. 

Бул факт боюнча 2-июлда «Экономикалык контрабанда» беренесинин негизинде шектүүгө карата УКМКнын Баткен облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. 5-декабрда Кадамжай райондук сотунун чечими менен товар жана жүк ташуучу унаа мамлекетке конфискацияланып, айыпталуучуга 150 миң сом айып пул салынды. 

Мыйзамсыз аракеттерге көмөктөшкөнү үчүн көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлерине карата өзүнчө кылмыш иши ачылып, иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы «Кыргызстан» соода түйүнүнүн кампа жайынан тиешелүү документтери жок бир топ көлөмдөгү эл керектөөчү товарлар жана медициналык препараттар табылган. Кармалган товардын баасы эсептелип, ишти териштирүү башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Ала-Бука районунда аткезчиликке көмөктөшкөн сегиз чек ара кызматкери кармалды

УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик менен дары-дармек ташыгандар аныкталды